Окуу программасы жөнүндө
Мектепке чейинки курактагы балдардын социалдык, курактык, психофизикалык жана жеке өзгөчөлүктөрүн, анын ичинде билим берүү муктаждыктарын эске алуу менен окутууну, тарбиялоону жана өнүктүрүүнү жүзөгө ашыра ала турган адистерди даярдоого багытталган. Окуу учурунда студенттер мектепке чейинки курактагы балдардын социалдашуусун педагогикалык жактан коштоо жөндөмүн жана мектепке чейинки педагогиканын жана балдардын психологиясынын негиздери боюнча калыптанып жаткан билим, жөндөм, көндүмдөр системасынын негизинде билим берүү процессинин катышуучулары менен өз ара аракеттенүүгө даярдыгын үйрөнүшөт. "










