Окуу программасы жөнүндө
Бул багытта билим алуучу Жер жөнүндөгү ар түрдүү илимдер: метеорология, география, океанология, климатология, гидрология, ошондой эле математика, физика жана маалыматты иштетүүнүн эң жаңы технологиялары боюнча фундаменталдык билимдерди алат.
Бул багытта билим алып жаткан студенттер атмосфералык процесстерди талдоо жана моделдөө боюнча билимдерге, билгичтиктерге жана көндүмдөргө ээ болушат, гидрометеорологиялык маалыматты алуунун заманбап ыкмаларын колдонуу менен климаттын өзгөрүшүн жана атмосферанын булгануу шарттарын баалоону, ар кандай мөөнөткө алдын ала метеорологиялык аба ырайы божомолдорун түзүүнү жана башка көптөгөн иштерди үйрөнүшөт.









