Окуу программасы жөнүндө
Бүтүрүүчү төмөнкү чөйрөлөрдө кесиптик ишмердикти жүргүзө алат: байланыш, маалыматтык жана коммуникациялык технологиялар (маалыматтык технологияларды жана системаларды изилдөө, иштеп чыгуу, киргизүү жана коштоо чөйрөсүндө); өнөр жайдагы кесиптик ишмердиктин өтмө түрлөрү (информатика жана эсептөө техникасы жаатындагы илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук иштерди уюштуруу жана жүргүзүү чөйрөсүндө). Кесиптик ишмердиктин объекттери болуп маалыматтык процесстер, технологиялар, системалар жана тармактар; маалыматтык системаларды жана технологияларды долбоорлоо, жөндөө, өндүрүү жана пайдалануу ыкмалары менен жолдору; маалыматтык технологиялар чөйрөсүндөгү техникалык документтер саналат.









