Окуу программасы жөнүндө
Бул багыт илим жана техника тармагына байланыштуу болуп, анда ар кандай функционалдык багыттагы электрондук түзүлүштөрдү, аспаптарды жана жабдууларды, ошондой эле вакуумдук, плазмалык, катуу денелүү, өтө жогорку жыштыктагы, оптикалык, микро- жана наноэлектроникалык түзүлүштөрдү теориялык жана эксперименттик изилдөөгө, математикалык моделдөөгө, долбоорлоого, конструкциялоого, өндүрүш технологиясына, пайдаланууга жана эксплуатациялоого багытталган адам ишмердигинин каражаттары, ыкмалары жана усулдары изилденет.









