Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы төмөнкү кесиптик компетенцияларды калыптандырууга багытталган: коомдун социалдык, экономикалык, саясий жана руханий абалындагы ар түрдүү процесстерге, ошондой эле анын өнүгүү мыйзам ченемдүүлүктөрүнө жана тенденцияларына тиешелүү кеңири маселелерди изилдөөдө социологиялык изилдөөлөрдү даярдоо жана жүргүзүү; ар түрдүү эмпирикалык маалыматтарды иштеп чыгуу; азыркы коомдун социалдык маанилүү маселелерин жана процесстерин изилдөөдө алынган маалыматтарды талдоонун натыйжалары боюнча илимий отчетторду жана аналитикалык баяндамаларды даярдоо жана сунуштоо.









