Окуу программасы жөнүндө
Магистранттарды даярдоонун максаттары: 1. Магистрлерди илимий-билим берүү комплексинин уюмдарында жана өнөр жай ишканаларында (машина куруу өндүрүштөрүн автоматташтыруу, механикалаштыруу жана роботтоштуруу чөйрөлөрүндө) илимий-изилдөө жана инженердик ишмердүүлүккө даярдоо.
2. Магистрлерди өнөр жайдын, анын ичинде коргонуу, энергетика, транспорт, медицина жана айыл чарба тармактарында автоматтык жана автоматташтырылган системаларды, башкаруу жана контролдоо каражаттарын, ошондой эле алардын математикалык, алгоритмдик, программалык жана маалыматтык камсыздалышын изилдөөгө жана өндүрүштүк сыноолордон өткөрүүгө даярдоо.











