Окуу программасы жөнүндө
Бул багыт боюнча кесиптик ишмердүүлүк атаандаштыкка жөндөмдүү машина куруу продукциясын түзүүгө багытталган изилдөөлөрдү, иштеп чыгууларды жана технологияларды, ошондой эле долбоорлоонун заманбап ыкмаларын жана каражаттарын, технологиялык процесстерди математикалык, физикалык жана компьютердик моделдөөнү колдонууну; машина куруу өндүрүшүнүн технологиялык жабдууларын түзүү, монтаждоо, ишке киргизүү, техникалык тейлөө, пайдалануу, диагностикалоо жана оңдоо боюнча иштерди уюштурууну жана аткарууну; тетиктерди жана түйүндөрдү өндүрүүнүн технологиялык процесстерин иштеп чыгууну камтыйт.








