Окуу программасы жөнүндө
Кесиптик ишмердүүлүктүн чөйрөсү: заттардын наноөлчөмдүү абалдагы физикалык, химиялык, механикалык, биологиялык жана атайын касиеттерин изилдөө, наносистемаларды, наноматериалдарды жана алардын негизиндеги буюмдарды диагностикалоо; белгиленген касиеттерге ээ органикалык эмес жана органикалык табияттагы наноматериалдарды жана наносистемаларды (анын ичинде кластерлерди, фуллерендерди, нанотүтүкчөлөрдү, нанодисперстүү порошокторду, нанотүзүмдүү пленкаларды жана жабууларды) катуу, суюк, гел сымал жана аэрозолдук абалдарда түзүү жана модификациялоо процесстери; аларды алуу, модификациялоо жана пайдалануу баскычтарындагы фазалык жана химиялык өзгөрүүлөр; табияты жана багыты ар түрдүү наноматериалдарды жана наносистемаларды синтездөө ыкмаларын иштеп чыгуу.








