Окуу программасы жөнүндө
(Экологиялык коопсуздук)
Бул багытта студенттер экология, жаратылышты пайдалануу жана экологиялык коопсуздукка байланышкан ар түрдүү сабактарды окушат. Программа илимий-изилдөөчүлүк жана уюштуруучулук-башкаруучулук ишмердик көндүмдөрүн калыптандырууга багытталган. Бул бүтүрүүчүлөргө айлана-чөйрөнү коргоо, техногендик кырсыктардын алдын алуу жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу менен байланышкан тармактарда иштөөгө мүмкүндүк берет.
Бүтүрүүчүлөр айлана-чөйрөгө тийгизилген таасирди көзөмөлдөө жана башкаруу талап кылынган ар түрдүү тармактарда суроо-талапка ээ.












