Окуу программасы жөнүндө
(Өзгөчө кырдаалдардагы коргоо)
Бул билим берүү багытынын алкагында студенттер өзгөчө кырдаалдарда (ӨК) калкты жана аймактарды коргоо жаатында билимдерди, билгичтиктерди жана көндүмдөрдү алышат. Окутуу теориялык сабактарды жана практикалык машыгууларды, анын ичинде тренажёрлордо жана өнөр жай объекттеринин реалдуу шарттарында өткөрүлүүчү көнүгүүлөрдү камтыйт.
Бүтүрүүчүлөргө ар түрдүү тармактарда суроо-талап жогору. Адистер технологиялык процесстердин жана өндүрүштөрдүн өнөр жай коопсуздугун кадимки шарттарда да, өзгөчө кырдаалдарда да камсыз кылуу үчүн зарыл.












