Окуу программасы жөнүндө
“Агробизнесте электр менен жабдуу жана механикалаштыруу” профилиндеги бул программа айыл чарба ишканаларынын электр менен жабдуу тутумдарын, электр жабдууларын жана агроөнөр жай комплексиндеги технологиялык процесстерди автоматташтыруу каражаттарын үйрөнүүгө багытталган дисциплиналарды, ошондой эле өндүрүштү механикалаштыруунун натыйжалуу ыкмаларын иштеп чыгууну камтыйт. Программанын максаты — агроөнөр жай комплексинде электротехникалык жана механикалаштырылган тутумдарды долбоорлой, пайдалана жана модернизациялай алган, айыл чарба объектилеринин ишенимдүү электр менен жабдылышын камсыздай алган, автоматташтырылган жана роботтоштурулган технологиялык процесстерди киргизе алган адистерди даярдоо.








