Окуу программасы жөнүндө
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк тармактары төмөнкүлөр болуп саналат: -архитектура, долбоорлоо, геодезия, топография жана дизайн (мамлекеттик кадастрдык эсептин маалыматтарын жүргүзүү жана өнүктүрүү, кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик кадастрдык эсебин жүзөгө ашыруу; инженердик-геодезиялык изилдөөлөр боюнча талаа иштерин даярдоо, пландаштыруу, аларды иштетүү; шаар куруу ишмердүүлүгүнүн объектилерин текшерүү жана мониторинг жүргүзүү иштерин жүргүзүү, изилдөөлөрдүн жыйынтыктарын иштеп чыгуу, отчетторду, долбоордук продукцияны жана техникалык паспортторду түзүү; шаар куруу документтеринин комплектин иштеп чыгуу жана түзүү үчүн маалыматтарды чогултуу жана системалаштыруу).











