Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты — ERG баалуулуктарынын (бизнестин интеграцияланган экологиялык чөйрөсү + социалдык жоопкерчилик + корпоративдик менеджменттин жаңы сапаты) негизинде корпорацияларды жана алардын түзүмдүк бөлүмдөрүн натыйжалуу башкаруу маселелерин комплекстүү чече алган жаңы муундагы менеджерлерди кесиптик даярдоо. Корпоративдик башкаруу боюнча магистр:
- корпоративдик башкаруу саясатын жана практикаларын иштеп чыгат жана өркүндөтөт;
- корпорациянын бардык башкаруу органдары тарабынан ички эрежелердин жана ченемдик актылардын сакталышын камсыз кылат;
- корпоративдик менеджмент тарабынан акционерлердин укуктарын ишке ашырууну жана кызыкчылыктарын коргоону кепилдеген жол-жоболук талаптардын сакталышы үчүн жооп берет.












