Окуу программасы жөнүндө
«Брендинг жана ишкердик бедел» магистрдик программасы брендди стратегиялык башкаруу жаатында магистрлерди кесиптик даярдоого багытталган. Окуу программасына реклама жана коомчулук менен байланыш боюнча негизги дисциплиналар (Ишмердүүлүктүн ар түрдүү чөйрөлөрүндөгү реклама жана коомчулук менен байланыш технологиялары; Контентти иштеп чыгуу жана илгерилетүү ж.б.) менен катар атайын дисциплиналар да (Брендинг технологиялары; Корпоративдик маданият жана ишкердик бедел; Рекламанын семиосферасындагы актуалдуу тенденциялар; Аймактардын брендинги; Бренддин наркын баалоо; Бизнес-коммуникациялардагы имидж түзүү технологиялары ж.б.) камтылган.












