Окуу программасы жөнүндө
«Кино искусствосу» магистратурасынын билим берүү программасы кино искусствосунун өнүгүшү жөнүндө системалуу билим алууга, жалпыга маалымдоо каражаттарында кино таануу жаатында жана илимий-изилдөө иштерин жүргүзүүдө кесиптик көндүмдөрдү калыптандырууга мүмкүнчүлүк берет. Бул билим берүү программасынын өзгөчөлүгү — кинонун искусствонун башка түрлөрү менен ажырагыс байланышы, ошондой эле бүгүнкү күндөгү социалдык, маданий, илимий жана технологиялык өзгөрүүлөргө байланыштуу кинопроцесстин азыркы абалын терең изилдөө. Бул магистранттарга кино бизнесинде да, медиаиндустриянын тектеш тармактарында да ийгиликтүү иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзөт.












