Окуу программасы жөнүндө
«Экологиялык коопсуздук» профили боюнча магистратуранын билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү илимий-изилдөө, долбоорлоо-өндүрүштүк жана педагогикалык ишмердикти жүргүзүүгө даяр. Магистр илимий изилдөөнүн көйгөйлөрүн, милдеттерин жана ыкмаларын аныктап, талдай алат; байкоолордун, эксперименттердин жана эмпирикалык маалыматтарды илимий талдоонун негизинде жаңы маалыматтарды алат; илимий эмгектерге реферат түзөт, дүйнөлүк илимде жана өндүрүштүк ишмердикте топтолгон маалыматтар боюнча аналитикалык серептерди даярдайт; алынган натыйжаларды илимде мурда топтолгон билимдердин контекстинде жалпылайт; репрезентативдүү изилдөөлөрдүн негизинде корутундуларды жана практикалык сунуштарды иштеп чыгат.












