Окуу программасы жөнүндө
«Бизнести башкаруу жана санариптик инновациялар / Business management and digital innovations» билим берүү программасы толугу менен англис тилинде ишке ашырылып, менеджмент менен IT тармактарынын кесилишинде суроо-талапка ээ адистерди даярдайт. Окуу тез өзгөрүп жаткан санариптик бизнес чөйрөсүндө жоопкерчиликтүү чечимдерди кабыл ала алган, заманбап компаниялардын түзүмүндөгү функционалдык бөлүмдөрдү жана долбоорлорду башкара алган, ишкердик долбоорлорду түзүп, өнүктүрө алган жаш лидерлерди даярдоого багытталган.











