Окуу программасы жөнүндө
«Коммуникациялык продуктунун дизайны» билим берүү программасы чыгармачылык идеяларды түзүп гана тим болбостон, аларды идеяны жаратуудан тартып акыркы ишке ашырууга чейинки бардык этаптарда башкара алган жаңы муундагы талап кылынган адистерди даярдайт. Окутуу чыгармачыл индустриядагы карьералык жол катары түзүлгөн: окуу тапшырмаларынан баштап чыныгы бренддер менен иштөөгө чейин. Студенттер биринчи курстан тартып эле продуктыларды жаратышат — стартап үчүн фирмалык стилден тартып белгилүү компания үчүн контент стратегиясына чейин. «Жарнама жана коомчулук менен байланыштар» багытынын студенттери «Коммуникациялык продуктунун дизайны» профилин 2-курста тандашат.











