Окуу программасы жөнүндө
Программа педагогдорго, башкаруучуларга, усулдук борборлордун адистерине, окутуу процессин уюштуруу жаатындагы изилдөөчүлөргө багытталган. Магистрдик программаны өздөштүрүү билим берүү тармагында натыйжалуу иштөө үчүн зарыл болгон компетенцияларды өздөштүрүүгө мүмкүндүк берет: Билим берүү тутумунда колдонулуучу окуу материалдарынын жана каражаттарынын натыйжалуулугун изилдөө жана баалоо көндүмдөрү;
Билим берүү уюмунун жана педагогикалык жамааттын ресурстарын эске алуу менен окуу-усулдук материалдарды иштеп чыгуу жөндөмү;
Ар кандай типтеги билим берүү ресурстарынын айкалышуусуна негизделген окуу чөйрөсүн түзүү жөндөмү;
Билим берүү процессинин катышуучуларынын (балдар-ата-энелер-педагогдор) өнүгүүсү үчүн маалыматтык чөйрөнү түзүү жөндөмү









