Окуу программасы жөнүндө
«Интернет-маркетинг» профили маркетинг жаатындагы заманбап теориялык билимдерге ээ болгон жана аларды «Интернет» маалыматтык-телекоммуникациялык тармагында жылдыруу стратегияларын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда колдонуу көндүмдөрүнө ээ болгон жогорку квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
«Интернет-маркетинг» профилинин бүтүрүүчүлөрү азыркы эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болуп, экономиканын бардык тармактарындагы ар түрдүү уюштуруучулук-укуктук формадагы (коммерциялык, коммерциялык эмес) уюмдарда иштеп, төмөнкү кызматтарды ээлешет: интернет-маркетинг боюнча адис, интернет-маркетолог, маркетинг боюнча адис, аналитик, жарнама менеджери, SMM-маркетолог, коомчулук менен байланыштар боюнча менеджер.