Окуу программасы жөнүндө
Бул профиль боюнча окуу процессинде студенттер теориялык информатика, башкаруу теориясы жана маалыматтык жана тармактык технологиялар, маалыматтык системаларды долбоорлоо, электрондук эсептөө машиналарынын архитектурасы жана операциялык системалар бөлүмдөрү менен таанышат, жогорку деңгээлдеги процедуралык жана объекттик программалоо тилин үйрөнүшөт, ошондой эле маалымат базаларын башкаруу системаларын түзүү жана колдонуу, web-программалоо боюнча практикалык көндүмдөрдү алышат.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бул профилдин бүтүрүүчүлөрү маалыматты иштетүү жана башкаруу боюнча автоматташтырылган системаларды долбоорлогон же эксплуатациялаган ар кандай өндүрүш уюмунда, сервис компанияларында, илимий-изилдөө жана долбоордук уюмдарда иштей алышат. Бүтүрүүчү талапкер боло турган кызмат орундары: маалыматты иштетүү жана башкаруу боюнча автоматташтырылган системалар боюнча инженер, ишканаларда маалыматтык процесстерди башкаруу боюнча менеджер, эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды рационалдуу колдонуу боюнча инженер-аналитик, СУБД үчүн маалыматтык модулдарды иштеп чыгуучу.