Окуу программасы жөнүндө
Билим берүү программасы бухгалтердик, каржылык жана салык эсептөө; көз карандысыз аудит; санариптик технологиялар жана адистештирилген бухгалтердик программалар; экономикалык жана каржылык анализ; каржылык жана мамлекеттик көзөмөл; статистика жаатында заманбап билимдерге жана практикалык көндүмдөргө ээ болгон жогорку квалификациялуу адистерди даярдоого багытталган. Программада теориялык окутууга жана практикага багытталган даярдыкка өзгөчө көңүл бурулат, бул бүтүрүүчүлөргө заманбап эмгек рыногунда суроо-талапка ээ болууга мүмкүндүк берет.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бухгалтердик эсеп боюнча адис компанияда бухгалтердик эсеп менен алектенет, салык жана бухгалтердик отчеттуулук менен иштейт, кардарлар жана жеткирүүчүлөр менен эсептөөлөргө катышат, кызматкерлерге айлык төлөйт, компаниянын мүлкүн эсепке алат. Экономист. Бул профилдеги кызматкер компаниянын каржылык абалын анализдеп, чыгымдарды жана уюмдун пайдасын изилдеп, эмгек акы төлөө мотивациясын иштеп чыгууга катышат. Бизнес-аналитик. Компаниянын экономикасын анализдеген, уюмду кирешенин өсүшүнө алып келген, бизнес-процесстерди оптималдаштырган, иштин натыйжалуулугун жогорулаткан, IT-системаларды бизнеске киргизүүгө жооптуу кызматкер. Финансылык менеджер.