Окуу программасы жөнүндө
Программа төмөнкү кесиптик ишмердик чөйрөлөрүндө иштөө үчүн зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууга багытталган: мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу, мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти сактоо; инсандын, коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын коргоо. «Сот ишмердиги» адистешүүсү укукту колдонуу, укук коргоо жана адам укуктарын коргоо чөйрөлөрүндө фундаменталдык билимдерге жана компетенцияларга, конституциялык, жарандык, арбитраждык, кылмыш-жаза жана административдик сот өндүрүшү жаатындагы заманбап билимдерге жана көндүмдөргө, жогорку деңгээлдеги укуктук маданиятка жана укуктук аң-сезимге, кесиптик этикага жана милдет сезимине ээ квалификациялуу кадрларды даярдоого багытталган.








