Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты: стратегиялык ой жүгүртүүнү калыптандыруу жана өнүктүрүү негизинде компанияны башкаруунун заманбап методологиясын өздөштүргөн жаңы муундагы кесипкөй башкаруучуларды даярдоо. Негизги билим берүү натыйжалары: бүтүрүүчүлөрдүн корпоративдик менеджмент чөйрөсүндө кесиптик башкаруучулук ишмердүүлүктү жүзөгө ашырууга даярдыгын камсыздоого багытталган жана стратегиялык башкаруу тутумун иштеп чыгууга жана ишке ашырууга, ошондой эле структуралык өзгөртүүлөрдү жүргүзүүгө багытталган билимдердин, көндүмдөрдүн жана компетенциялардын жыйындысы.





