Окуу программасы жөнүндө
«Тарых» бакалавриат программасы улуттук жана дүйнөлүк тарых жаатында фундаменталдык даярдык берет. Студенттер негизги тарыхый доорлорду жана аймактарды өздөштүрүп, тарыхый булактар менен иштөөнү жана илимий изилдөө ыкмаларын, анын ичинде булак таанууну, тарыхтын көмөкчү тармактарын жана тексттерди сынчыл талдоону үйрөнүшөт. Тарых факультетинин студенттери батыш тилдерин (англис, француз, испан жана немис тилдери), чыгыш тилдерин (араб, кытай жана фарсы тилдери), ошондой эле латын тилин окушат. Бул коммуникацияны жакшыртып гана тим болбостон, илимий-изилдөө иштеринин, ар түрдүү булактарды жана илимий адабияттарды изилдөөнүн мүмкүнчүлүктөрүн да кеңейтет.












