Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты — уюмдагы персоналды башкаруу чөйрөсүндө иштөө үчүн жогорку квалификациялуу HR-менеджерлерди, адистерди, аналитиктерди жана изилдөөчүлөрдү даярдоо. Персоналды кабыл алуу жана тандоо, окутуу жана өнүктүрүү, баалоо, мотивациялоо жана шыктандыруу сыяктуу багыттардагы терең билимдер жана көндүмдөр бүтүрүүчүлөргө кесиптик ишин ийгиликтүү жүргүзүүгө жана эмгек рыногундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Программа орто билим берүү мекемелеринин, колледждердин, кесиптик окуу жайлардын жана техникумдардын бүтүрүүчүлөрүнө багытталган.











