Окуу программасы жөнүндө
(Айыл чарба өндүрүшүн механизациялоо)
Бүтүрүүчү агроөнөр жай комплексинин ишканалары менен уюмдарында, автотранспорт ишканаларында, айыл чарба техникасын өндүрүүчү заводдордо жана фирмаларда, оңдоо ишканаларында, дыйкан жана фермердик чарбаларда, ошондой эле тракторлорду, автомобилдерди жана башка техникаларды пайдаланууну жана оңдоону талап кылган ишканаларда инженердик жана жетекчилик кызматтарда иштей алат.
Адистер айыл чарба техникасын пайдаланууну, техникалык тейлөөнү жана оңдоону уюштуруу, ошондой эле техникалык тейлөөнүн жана пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча билимге жана көндүмдөргө ээ болушат; негизги багыт өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгын механизациялоого бурулат.












