Окуу программасы жөнүндө
(Технологиялык процесстерди санариптештирүү жана роботтоштуруу)
Бул багытта айыл чарба өндүрүшүн санариптештирүү жана роботтоштуруу жаатында техникалык жана технологиялык модернизациялоону жүргүзүү, айыл чарба техникасын, машиналарды жана жабдууларды, ошондой эле технологиялык процесстерди автоматташтыруу, санариптештирүү жана роботтоштуруу каражаттарын натыйжалуу пайдалануу, техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча билими жана көндүмдөрү бар адистер даярдалат. Студенттер өсүмдүк өстүрүү жана мал чарба продукциясын өндүрүү үчүн машиналык технологиялар, санариптик жана роботтук системалар, машиналарды техникалык тейлөө, диагностикалоо жана оңдоо технологиялары боюнча билим алышат.












