Окуу программасы жөнүндө
Программа менеджмент жана маркетинг тармагындагы адистерди даярдоого багытталган, бул маркетолог, digital-маркетолог, бренд-менеджер, ошондой эле бизнести өнүктүрүү боюнча адис катары ийгиликтүү карьераны камсыз кылат. Маркетологдун кесиптик ишмердиги өндүрүштү жана тейлөө чөйрөсүн өнүктүрүү, товар ассортиментини тандоо жана өзгөртүү, ишкердик ишмердүүлүктүн натыйжалуулугун камсыз кылуу, ошондой эле товардык жана баа саясатын башкаруу менен байланыштуу. Программада рынокту талдоонун негизинде компанияны илгерилетүү стратегиясын түзүүгө, жарнамалык каналдардын натыйжалуулугун жогорулатууга жана жаңы каналдарды издөөгө өзгөчө көңүл бурулат. Программанын стратегиялык өнөктөшү — НП «Гильдия маркетологов» болуп саналат.













