Окуу программасы жөнүндө
Программанын максаты – жогорку квалификациялуу менеджерлерди (маркетологдорду) даярдоо, алар креативдүү ой жүгүртүүгө, анализдөөгө, санариптик экономика шарттарында натыйжалуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга, заманбап маркетинг жана бренд-менеджмент инструменттерин колдонууга жөндөмдүү. Бүтүрүүчүлөр эмгек рыногунда талап кылынган жана атаандаштыкка жөндөмдүү болушат. Программанын багыттары: 1. Менеджмент жана маркетинг чөйрөсүндөгү негизги фундаменталдык билимдер; 2. Маалыматтык технологиялар менеджмент жана маркетингде, Python жана жасалма интеллект; 3. Интернет-маркетинг жана санарип-аналитика; 4. Бренд-менеджмент. Бир эле учурда эки диплом ала аласыз: менеджер (бакалавр) жана веб-дизайнер (кошумча билим берүү диплому).


















