Окуу программасы жөнүндө
Программа ийкемдүү башкаруу көндүмдөрүнө ээ, натыйжалуу коммуникацияларды түзүүгө, жаңы тренддерге тез ыңгайлашууга, маркетингдик изилдөөлөрдү жана жарнамалык компанияларды жүргүзүүгө, экономика, каржы, уюштуруучулук өнүгүүнү түшүнүүгө, компанияга стратегиялык милдеттерди чечүүгө жардам берүүгө, заманбап чакырыктарга оперативдүү жооп берүүгө, Data Science жана жасалма интеллект технологияларын колдонууга жөндөмдүү маркетологдорду даярдоого багытталган. Негизги дисциплиналар: Маркетингдик изилдөөлөр жана маркетингдик аналитика Data Science жана жасалма интеллектти маркетингде колдонуу Маркетингде чыгармачыл жана PR-технологиялар Интегралдык маркетингдик коммуникациялар Digital-маркетинг

















