Окуу программасы жөнүндө
Программа лингвистикалык билим берүүгө, жазуу жана оозеки которууну кесиптик жүзөгө ашырууга, тилдер аралык баарлашууга, маданияттар аралык коммуникацияга, теориялык жана колдонмо лингвистикага жана лингвистикадагы жаңы маалымат технологияларына багытталган адистерди даярдоого, ошондой эле котормо таануу жаатындагы билимдерин жана кесиптик көндүмдөрүн тереңдетүү максатында магистратурада окуусун улантууну каалаган адистерди даярдоого багытталган. Программанын бүтүрүүчүсүнүн кесиптик ишмердүүлүгү илимий-изилдөө ишмердүүлүгүн камтыйт жана маданияттар аралык коммуникациянын конкреттүү көйгөйлөрүн аныктоо жана критикалык талдоо менен байланыштуу, алар маданияттар аралык жана тилдер аралык байланыштардын натыйжалуулугуна таасир этет


















