Окуу программасы жөнүндө
«Педагогикалык психология» профилинин мазмуну окуу ишмердигинин психологиялык фактыларын, механизмдерин жана мыйзам ченемдүүлүктөрүн, анын жекече же жамааттык субъекттеринин (билим алуучулардын, топтун, класстын) ишмердигин; педагогикалык ишмердиктин өзүн жана анын жекече же жамааттык субъекттеринин (педагогдун, педагогикалык жамааттын) ишмердигин; педагогикалык жана окуу ишмердигинин субъекттеринин билим берүү процессинин ар кандай деңгээлдериндеги жана баскычтарындагы өз ара аракеттенүүсүн; билим берүү процессинин мазмуну менен аны уюштуруу формаларынын анын натыйжаларына тийгизген психологиялык таасирин, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндөгү ар кандай ишмердик түрлөрүнүн мүнөзү менен мазмунунун таасирин изилдөөнү камтыйт.





