Окуу программасы жөнүндө
«Салыштырма-тарыхый, типологиялык жана салыштырма тил илими» профилинин мазмуну төмөнкүлөрдү камтыйт:
¬ генетикалык жактан байланышкан тектеш тилдерди изилдөөнүн, тектеш тилдердин ортосундагы катышты аныктоонун жана алардын убакыттагы жана мейкиндиктеги эволюциясын сүрөттөөнүн негизинде тил илиминин теориясын жана методологиясын иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;
¬ тилдердин ортосундагы генетикалык байланыштардын мүнөзүнө карабастан, тилдердин түзүмдүк жана функционалдык өзгөчөлүктөрүн изилдөө;
¬ тилдин өзгөчөлүгүн (системалык идиомалдуулугун) түшүндүрүү максатында аны башка тилдер менен системалуу салыштыруу аркылуу изилдөө жана сүрөттөө;
¬ котормо илиминин теориясын жана методологиясын өнүктүрүү жана башкалар.





