Окуу программасы жөнүндө
Программа оозеки жана жазуу жүзүндө котормо жаатында кесипкөй кадрларды даярдоого арналган, котормо теориясы жана маданияттар аралык коммуникация жаатында билим алуу, ошондой эле ар кандай котормо ишмердүүлүгүнүн түрлөрүндө практикалык көндүмдөрдү алуу каралган. Мындан тышкары, программаны өздөштүрүү учурунда окутуучулар котормо тексттерин өз алдынча сынчыл талдоо жана редакциялоо жөндөмүнө ээ болушат, ошондой эле котормонун сапатын экспертизалоо көндүмдөрүн үйрөнүшөт.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Жазуу жана оозеки которуу боюнча ишмердүүлүк, коммерциялык ишмердүүлүк жана башкаруу маселелери боюнча кеңеш берүү, коомдук уюмдардын, туристтик агенттиктердин, китепканалардын жана архивдердин, музейлердин ишмердүүлүгү, маалыматтарды иштетүү боюнча ишмердүүлүк, маалыматтарды жайгаштыруу кызматтарын көрсөтүү, Интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагындагы порталдардын ишмердүүлүгү. Маалыматтык кызматтар жаатындагы ишмердүүлүк, радиоуктуруу жана телекөрсөтүү, маалыматтык агенттиктер жана радиоуктуруу жаатындагы ишмердүүлүк.