Окуу программасы жөнүндө
«Котормо жана котормо таануу» профилиндеги студенттер англис тилин жана экинчи чет тилин – немис же француз тилин терең изилдешет. Студенттер өздөрүнүн кесиптик ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон тармактарды өздөштүрүшөт: чет тилдер жана изилденүүчү тилдердин маданияты, чет тилдер теориясы, котормо жана котормо таануу, маданияттар аралык коммуникация теориясы, маалыматтык-коммуникациялык технологиялар.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
«Котормо жана котормо таануу» профилинин бүтүрүүчүлөрү эл аралык жана тышкы экономикалык ишмердүүлүк менен алектенген мекемелерде, уюмдарда жана ишканаларда котормо, аналитикалык жана эксперттик-консультациялык ишмердүүлүктү жүзөгө ашыра алышат. Кесипкөй багытталган конкурстарга, чет тилдердеги илимий конференцияларга, долбоордук ишмердүүлүккө активдүү катышкан студенттер, ошондой эле окуу жана өндүрүштүк практикалардан өтүп, өздөрүн жакшы көрсөткөн студенттер иш берүүчүлөрдөн чакырууларды алышат.