Окуу программасы жөнүндө
(Фитосанитардык көзөмөл жана өсүмдүктөрдү коргоо)
Бул даярдоо багытынын бүтүрүүчүлөрү агрономия, өсүмдүктөрдү коргоо жана фитосанитардык көзөмөл жаатында фундаменталдык билим алышат. Окуу программасы өсүмдүктөрдүн оорулары менен зыянкечтерин диагностикалоого жана аларга каршы күрөшүүгө, пестициддерди туруктуу пайдаланууга, түшүмдүүлүктүн төмөндөшүн алдын алуунун принциптери менен ыкмаларына байланышкан сабактарды камтыйт. Окуу фундаменталдык билимдерди кесиптик иш чөйрөсүндөгү практикалык көндүмдөр менен айкалыштырууга мүмкүндүк берген практикага багытталган ыкмага негизделет. Бул багытта студенттер кесиптик жана жалпы маданий компетенцияларга ээ болушат.












