Окуу программасы жөнүндө
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин чөйрөлөрүнө билим берүү, социалдык чөйрө жана саламаттык сактоо мекемелеринин базасында сүйлөө жөндөмүндө бузулуусу бар адамдарды (балдарды, өспүрүмдөрдү жана чоңдорду) окутуу кирет.
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин объекттери: коррекциялык-өнүктүрүүчү (окутуу-тарбия берүүчү) жана реабилитациялык процесстер; коррекциялык-билим берүүчү, реабилитациялык, социалдык адаптациялык жана жалпы билим берүү системалары.
Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердигинин түрлөрү: коррекциялык-педагогикалык; диагностикалык-консультациялык; изилдөөчүлүк; маданий-агартуу.









