Окуу программасы жөнүндө
«Ветеринардык-санитардык экспертиза» даярдоо багыты боюнча магистратура тамак-аш азыктарын санитардык-гигиеналык изилдөө жана алардын өндүрүш технологиясын өркүндөтүү жаатындагы кесиптик ишмердүүлүктүн илимий бөлүгүн тереңдетүүгө мүмкүндүк берет. Ветеринардык-санитардык эксперт – бул тамак-аш продукциясынын сапатын жана коопсуздугун көзөмөлдөгөн жогорку квалификациялуу адис. Ветеринардык-санитардык эксперт азык-түлүк сырьёсун, ошондой эле азык-түлүктөрдү изилдейт, ден соолукка кооптуу продукцияны аныктайт, өндүрүш шарттарынын коопсуздугун жана анын санитардык абалын көзөмөлдөйт.










