Окуу программасы жөнүндө
Шаарлардын, аймактардын жана бүтүндөй мамлекеттердин ийгиликтүү өнүгүшү, ошондой эле жарандардын бакубаттуулугун жана жашоо сапатын жогорулатуу сапаттуу билим берүүгө жана башкаруу кадрларынын кесипкөйлүгүнө түздөн-түз байланыштуу. Бүтүрүүчүлөр келечектеги кесибинде өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууга шарт түзө турган негизги компетенцияларга ээ болушат: башкаруучулук жана административдик көндүмдөр; экономикалык жана укуктук билимдер; жалпы маданий компетенциялар; персоналды башкаруу; команда түзүү жана кызматкерлерди шыктандыруу; үзгүлтүксүз окуу жана өзүн-өзү өнүктүрүү. Программаны ишке ашырууда компетенттүүлүккө негизделген ыкманы, модулдуулукту, активдүү, интерактивдүү жана башка заманбап билим берүү технологияларын камтыган инновациялык окутуу модели колдонулат.












