Окуу программасы жөнүндө
(Нан, кондитердик жана макарон азыктарынын технологиясы)
Бул багыттын алкагында нан жана нан-булочка азыктарын, канттуу кондитердик азыктарды жана макарон азыктарын өндүрүүнүн технологиялык процесстерин уюштуруу жана ишке ашыруу каралат. Студенттер нан өндүрүшүндө, ошондой эле кондитердик жана макарон азыктарын өндүрүүдө колдонулуучу технологиялык жабдууларды пайдаланууну үйрөнүшөт. Ошондой эле кондитердик жана макарон азыктарын өндүрүүдө чийки затка коюлган талаптардын сакталышын көзөмөлдөөнү өздөштүрүшөт.












