Окуу программасы жөнүндө
«Эл аралык иш-чараларда синхрондук котормо» магистрдик программасынын алкагында магистранттарда котормочулук ишмердиктин эң татаал, ошол эле учурда эң кызыктуу түрлөрүнүн бири болгон синхрондук котормо көндүмдөрүн калыптандырууга негизги көңүл бурулат. Бул программа боюнча билим алып жатып, магистранттар эки чет тилин жогорку деңгээлде өздөштүрүүгө жана, мындан тышкары, башка программалардын бүтүрүүчүлөрү сапаттуу аткара албаган ишти — синхрондук котормону үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк алышат.





