Окуу программасы жөнүндө
Адистик программасы эки чет тилин билген, уюштуруучулук-коммуникациялык, маалыматтык-аналитикалык жана илимий-изилдөө ишмердигине даяр жогорку квалификациялуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү адистерди даярдайт. Бүтүрүүчүлөргө оозеки (синхрондук жана ырааттуу) жана жазуу жүзүндөгү (көркөм жана атайын) котормону аткарууга мүмкүндүк берген «лингвист-котормочу» квалификациясы ыйгарылат. Окуу мезгилинде студенттер котормо теориясы менен таанышып, зарыл болгон практикалык көндүмдөрдү жана котормонун техникалык жөндөмдөрүн өздөштүрүшөт, ошондой эле котормочулук практикадан өтүшөт.
Бүтүрүүчүлөр ким болуп иштешет?
Бүгүнкү күндө техникалык котормо боюнча адистерге, синхрондук котормочуларга жана аудиовизуалдык котормочуларга суроо-талап жогору. Мындан тышкары, «Котормо жана котормо таануу» адистиги боюнча даярдыктан өткөн адистер референт, чет тилдери боюнча окутуучу, гид-котормочу, басма сөз катчысы, PR-менеджер, эл аралык журналист, редактор жана тышкы экономикалык ишмердик боюнча менеджер болуп иштей алышат, ошондой эле төмөнкү жерлерге жумушка орношо алышат:
Котормо бюролору
Туристтик фирмалар
Эл аралык корпорациялар
Виза борборлору
Эл аралык рыноктордо иш алып барган компаниялар
Ишкердик сүйлөшүүлөр үчүн тилдик даярдоону жана тилдик коштоону камсыз кылган компаниялар жана фирмалар